География:АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ Нарын р-нунда. Нарын ш-нан 50–60 км түн.-чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун түндүгүндөгү Арчалы суусунун сол жээ гинде. 1956-ж. табылган. Кен жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон акиташ теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма ж-а палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан-вад, гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө жолу м-н пайда болуп, линза, тарам, уячалар түрүндө ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец ж-а яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон. Руда кабатчаларынын калыңдыгы 30–40 м, уз. 100–150 мге жетет, андагы марганец орто эсеп м-н 15,4%. Марганецтин запасы 210 миң т.