География:ШАМШЫ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ШАМШЫ КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Алатоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталында. Чүй р-нун аймагында. Уз. 40 км, тереңдиги жогорку бөлүгүндө 800–1100 м, төмөн жагында 400–600 м. Капчыгай кууш ж-а тик капталдуу (35–45°). Жогорку бөлүгүндө түн.-чыгыш багытында, Көлтөр суусунун чатынан түндүккө бурулуп жазы өрөөнгө өтөт. Сол жагында негизги айрыгы Туюк капчыгайы бар. Капчыгай аркылуу Шамшы суусу агат. Капталдарында бадал, карагай, арча токою, субальп ж-а альп шалбаалары таралган. Капчыгайдын баш жагында Кочкор ж-а Чүй өрөөндөрүн байланыштыруучу Шамшы ашуусу (3570 м) жайгашкан. Ашуудан ары тоонун түш. капталында уз. 20 км, тереңдиги 300–500 м келген кууш капчыгай да Шамшы аталат. Ш. к. жайытка пайдаланылат.