География:ЧОҢ ҮЗӨҢГҮКУУШ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЧОҢ ҮЗӨҢГҮКУУШ КАПЧЫГАЙЫ Борб. Теңиртоодо. Какшаал ж-а Борколдой, Карлытоо, Карлыкыр тоолорунун аралыгында кеңдик багытында 80 кмге созулуп жатат. Капчыгай батыштан чыгышты карай кууштайт (15–16 кмден 200 мге чейин). Таманынын деңиз деңг. бийикт. баш жагында 3700 м, аягында 2600 м; курчаган тоолордун салыштырмалуу бийикт. 1000–1200 м. Капчыгайдын башы Котур ж-а Айталаа сууларынын аралыгында кенен өрөөн (таманынын жазылыгы 15–16 кмге чейин); төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоонун таасиринен пайда болгон кум, шагыл таштардан туруп, айрым жерлеринде байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар басымдуу, тоо кырларындагы мөңгү капчыгайдын башталышына чейин түшүп жатат. Капчыгайдын ортоңку бөлүгү кууштап (2–3 кмге чейин), капталдары тигирээк, Жарыкташ, Туюк, Чолоккапчыгай, Шалдырак (сол куймалары) ж-а Кичине ж-а Чоң Туурасуу, Чоң Төөкуйрук, Туюкбулак, Экичат, Кичи Төөкуйрук, Чаканташ (оң куймалары) сууларынын капчыгайлары, кокту-колоттору м-н терең тилмеленген. Капчыгайдын аягы өтө кууш (200–300 мге чейин), капталдары тик, көптөгөн капчыгайлар (Кичи Үзөңгүкууш, Кичи Терек, Чоң Терек, Чатытерек ж. б.), кокту-колоттору м-н тилмеленген. Капчыгай аркылуу Чоң Үзөңгүкууш суусу агып, Какшаалды кесип Кытайга кетет. Баш жагы палеоген, неоген ж-а антропогендин конгломерат, кумдук, алевролит, кум, шагыл, ортоңку бөлүгү девон, карбондун сланец, акиташ теги, порфирит, диабаз, спилит, аягы девондун кумдук, сланец, кремний, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Климаты континенттик, суук, январдын орт. темп-расы –22°С; айрым убактарда –50°Сге жетет; жылдык жаан-чачыны 300 ммден ашпайт. Капчыгайдын таманына ж-а баш жагына талаа, айрым жерлерине шалбаа, капталдарына бадал аралашкан кургак талаа (3000 м бийиктикке чейин), андан жогору муздак чөл ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.