География:КЫЗЫЛ КАПЧЫГАЙ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КЫЗЫЛ КАПЧЫГАЙ Борб Теңиртоодо. Кайыңды кырка тоосунун түш.-батыш капталы аркылуу аккан Көйкап суусунун алабында. Уз. 6 км, таманы кууш (2–3 м), деңиз деңг. 1900–2800 м бийиктикте жатат. Капчыгай башталышында Кайыңды кырка тоосун эки тармакка бөлүп, бирөө түн. батышка карай 4539 мден 3400 мге чейин жапыздап, байыркы түздүккө өтөт; экинчиси Карарча аталып, түндүктү карай 4381 мден 3608 мге чейин жапыздайт. Төрү кенен (10 км). Андан төмөн таманы кууш, рельефи татаал. Капталдары жалама зоо. Девондун кызыл түстүү акиташ теги, кум, сланец, диабаз, порфирит; ортоңку палеозойдун серпентинит, перидотит ж. б. тектеринен туруп, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Капчыгай аркылуу аккан суунун уз. 12 км. Өсүмдүктөргө жарды. Капчыгай аркылуу Көйкап өрөөнүнө ат м-н өтчү эң татаал жол бар. Башка жол жок болгондуктан Көйкап өрөөнүнө барчу адамдар ошол гана жол м-н барышат.