География:КИЧИ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КИЧИ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодо. Капкаташ, Нура, Жетим тоолору м-н курчалат. Нарын р-нун аймагында. Капчыгайдын уз. Балгарт ж-а Жылаңач сууларынын кошулушунан Кичи Нарындын чатына чейин 45 км. Таманынын жазылыгы баш жагында 500–700 м, орто жеринде 1,5–2,0 км, төмөнкү бөлүгүндө 2,5– 3,0 км; эң кууш жери 200–300 м (Сарыкүнгөй ж-а Жолжакшы суулары куйган аймакта); деңиз деңг. бийикт. 2350– 2490 м. Капталдары Борду, Сарыкүнгөй ж-а Жолжакшы, Чыргайлы (оң куймалары), Кашкасуу, Ооруктам, Атжайлоо, Калмакашуу, Улан (сол куймалары) суулары ж-а алардын кокту-колоттору м-н тилмеленген. Чоң Нарынга чыга берген жеринде бир нече тектир бар (айрымдарынын туурасы 800 мге чейин). Капчыгайдын таманынан тоолордун кырына чейинки салыштырмалуу бийикт. 1500–2000 м. Таманы палеоген, неогендин конгломерат, кумдук, алевролит ж. б., капталдары девон м-н ордовиктин акиташ теги, доломит, сланец, кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Аларды айрым жерлерде гранит, гранитдиорит интрузиялары жиреп чыккан. Климаты континенттик, январдын орт. темпрасы –19°С, июлдуку 10°С, жылдык орт. жаан-чачыны 350 мм. Талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2500–2600 м), андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а шалбаа ландшафттары басымдуу. Жайыт.