География:КАРҮҢКҮР—ОТТУК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КАРҮҢКҮР—ОТТУК КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодо. Нарын р-нун аймагында. Соңкөл ж-а Байдулу тоолорунун ортосунда, Карүңкүр ж-а Оттук суусу аккан багытта түндүктөн түштүккө карай 35 кмге созулат. Таманынын эң жазы жери (Оттук кыш-нын түндүгүндө) 2–3 км, кууш жери 400–600 м. Таманынын эң жапыз жери 2450 м, бийик жери 3000 м бийиктикте. Капчыгай карбондун сланец, акиташ теги, конгломерат тектерин суу жеп, үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Негизинен V сымал капчыгай. Капчыгай аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт.