География:КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |

| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ түштүгүнөн Алай, түндүгүнөн Кичи Алай кырка тоолору м-н чектешет. | КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ түштүгүнөн Алай, түндүгүнөн Кичи Алай кырка тоолору м-н чектешет. Исфайрам суусунун жогорку бөлүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат. Кадамжай р-нун аймагында. Уз. 50 кмдей, туурасы 1–2 км чамасында. Таманынын деңиз деңг. бийикт. баш жагында 3640 м, ортосунда 2360 м, аягында 1660 м. Капталдары тик, батышты карай жантайыңкы. Тар капчыгайлар, кум шагылдуу жалпак беттер, корумдуу ойдуңдар, байыркы мореналар кеңири таралган. Негизинен палеозойдун гранит, акиташ тектери басымдуу. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —10...—15°С, июлдуку 10—13°С. Өрөөн аркылуу Исфайрам, Шибе суулары агып өтөт. Өрөөндү курчаган тоолор мөңгүлүү. Негизинен бадалдуу шалбаалуу талаа (2600–2900 м), бадалдуу шалбаалуу токой (2300—3000 м), субальп (2500–3200 м), альп шалбаа (3200–3600 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Арча токойлуу. Суу бойлорунда чычырканак, тал, терек, кайың ж. б. өсөт. Жайыт. | ||
Уз. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ түштүгүнөн Алай, түндүгүнөн Кичи Алай кырка тоолору м-н чектешет. Исфайрам суусунун жогорку бөлүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат. Кадамжай р-нун аймагында. Уз. 50 кмдей, туурасы 1–2 км чамасында. Таманынын деңиз деңг. бийикт. баш жагында 3640 м, ортосунда 2360 м, аягында 1660 м. Капталдары тик, батышты карай жантайыңкы. Тар капчыгайлар, кум шагылдуу жалпак беттер, корумдуу ойдуңдар, байыркы мореналар кеңири таралган. Негизинен палеозойдун гранит, акиташ тектери басымдуу. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы —10...—15°С, июлдуку 10—13°С. Өрөөн аркылуу Исфайрам, Шибе суулары агып өтөт. Өрөөндү курчаган тоолор мөңгүлүү. Негизинен бадалдуу шалбаалуу талаа (2600–2900 м), бадалдуу шалбаалуу токой (2300—3000 м), субальп (2500–3200 м), альп шалбаа (3200–3600 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Арча токойлуу. Суу бойлорунда чычырканак, тал, терек, кайың ж. б. өсөт. Жайыт.