География:КЕТМЕНТӨБӨ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КЕТМЕНТӨБӨ ӨРӨӨНҮ — Ички Теңиртоодогу тектон. өрөөн. Түндүгүнөн Талас ж-а Суусамыр, батыш ж-а түш.-батышынан Узунакмат, Атойнок тоолору, түштүгүнөн Фергана, түш.-чыгышынан Көгиримтоо кырка тоолору м-н чектешет. Аянты 8170 км2. Басымдуу бийикт. 800–1200 м. Таманынын уз. 50 км, туурасы 22 км. К. өнүн таманы жалпысынан батышты карай бир аз жантайыңкы келип, конус шилендилери — пролювий, делювий түздүктөрүнөн ж-а дарыя өрөөнүнүн тектирчелеринен турат. Өрөөн майда агын суулардын өзөндөрү, сайлар, кокту-колоттор (тереңдиги 5–10 м) м-н тилмеленген. Сугат каналдарынын нуктары көп. К. ө-ндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон калыңдыгы 2 кмге жеткен чөкмө тектер палеозойдун тоо тектерин жаап жатат. Өрөөн тектон. түзүлүшү б-ча кеңдик багытындагы асимметриялуу грабен-мегосинклиналь. Ал неоген мезгилиндеги тоо пайда болуу процессинде Талас — Фергана тектон. жараканы бойлой кысымдын күчөшүнөн пайда болгон. Кен байлыктарынын негизгиси — неогендин көл чөкмөлөрүндөгү таш туз катмарлары (Кетментөбө кени). Климаты кескин континенттик, июлдун орт. темп-расы 24°С, январдыкы—14°С. Жылдык жаан-чачыны 376 мм. Ири суулары: Карасуу, Чычкан, Узунакмат, Торкен. Эң ири көлү — Карасуу (аянты 3,88 км2). К. ө-нө боз топурактагы эфермерлүү-шыбактуу жарым чөл (800–1300 м бийиктикте), бозомтук-коңур топурактуу шыбактуу-кылканактуу кургак талаа (1300–2000 м); кара коңур топурактуу кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ж-а токойшалбаалуу талаа (2000–2800 м), субальп ж-а альп (3200–3500 м), шалбаасы, асказоокалуу, кар-мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндүн 284 км2 аянтын Токтогул суу сактагычы ээлейт. М. Койчиев, М. Дүйшөнакунов