География:КАРАШОРО ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КАРАШОРО ӨРӨӨНҮ — Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы бийик тоо өрөөнү, жайлоо, кооз жер. Өзгөн р-нун аймагында. Оштон 130 км, Жалалабаттан 110 км, Өзгөндөн 75 км аралыкта. Өрөөндүн формасы тепши сымал, таманы анча жазы эмес. 2100–2300 м бийиктикте жатат. Чыгыштан батышка 26 кмге созулат; туурасы 5–6 км. Каптал капчыгайлары (Чабай, Качыраалытөр, Чоң ж-а Кичи Кулубек, Аксур) кокту-колоттуу келип, кыска. Климаты континенттик. Декабрь — февраль айлары ызгаардуу (–15... –20°С), жайы жылуу (12–15°С). Жылдык жаанчачыны 1000 ммге чейин. Жайылмаларда ж-а тоо этектеринде тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жылгын, итмурун, ыргай ж. б. өсөт. Тоо капталдарына арча-бадал аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалары ж-а шалбаалуу талаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Качыраалытөр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа ж-а жылаңач аскалуу беттер жатат. Минералдуу суулары бар (к. Карашоро минералдуу суусу).