География:КАПЧЫГАЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАПЧЫГАЙ ӨРӨӨНҮ Түш. Теңиртоодо. Түштүгүнөн Алайкуу, Академик Адышев кырка тоолору, түндүгүнөн Фергана тоо тизмеги м-н чектешет. Уз. 80 км, туурасы 5–6 км. Таманы деңиз деңг. 1200–2000 м бийиктикте. Кууш капчыгайлуу, кокту колоттуу; Фергана тоо тизмеги тарабы жантайыңкы, Алайкуу жагы тик. Негизинен палеозойдун сланец, алевролит, кумшагыл, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 15°С), кышы суук, ызгаардуу (январдыкы –16°С). Өрөөн аркылуу Тар суусу агып өтөт. Негизинен талаа (1300–1600 м), токойлуу талаа (1600–1900 м), токойлуу шалбаа (1900–2500 м) ландшафттары мүнөздүү. Дыйканчылыкта пайдаланылат. Өрөөндүн жайыт, чабынды жерлери да бар.