География:ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ Тескей Алатоонун түн. капталында жайгашкан. Жетөгүз р-нун аймагында. Уз. 49 км, туурасы 0,3–4,0 км. деңиз деңг. 1800–4300 м бийиктикте. Төрү байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен калыптанган тепши сымал өрөөн. Жууку суусунун бир курамы — Дүңгүрөмөнүн капчыгайы түн.-чыгыштан батышты карай Тескей Алатоонун суу бөлгүчүнө жарыш 25 кмге созулат. Дүңгүрөмө м-н Ашуусуу кошулгандан тартып Ж. ө. түндүккө багытталып, терең капчыгайга айланат. Капчыгайдын бүткөн жеринде кызыл түстүү неоген тектерин аралап, Ысыккөлдүн жээгине чыгат. Башталышы м-н орто чени кокту-колоттуу келип, бийик зоолор м-н курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 800–1200 м. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49,2 км2. Ысыккөлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орт. темп-расы —11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700– 800 мм. Негизги суусу Жууку (куймалары: Иттиш, Ашуукашкасуу, Жуукучак ж. б.). Байыркы муз каптоодон пайда болгон 11 көл бар. Эң ириси Жууку ашуусунун этегиндеги Чоконун көлү (аянты 0,72 км2). Тоо этегиндеги ж-а көл жээгиндеги кургак талаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаага, андан бийигирээк карагай тилкесине субальп ж-а альп шалбаасына, субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафттарга өтөт. Карагай токою (2100– 2200 мден 2800–2900 мге чейин) тескейинде ж-а капчыгайдын таманы м-н оң капталында жыш өсөт. Сол капталы жапалак арча ж-а ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү м-н капталган. Шаркыратмалуу, калың карагайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык мааниси чоң. Өрөөн — мамл. заказник. Ж. ө. аркылуу эзелтен бери Ысыккөл өрөөнүн сырттагы жайлоолор м-н байланыштырган мал айдоочу жол өтөт.