География:АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ — Алайкуу (батыш), Терек (түш.) ж-а Фергана (түн.) тоолору м-н курчалган бийик тоо өрөөнү. Уз. 75 км, туурасы 15 км. Орт. бийикт. 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түн батышты көздөй жантайыңкы. Борб. бөлүгү жайык. Дөңсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер м-н капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар ж-а өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен бор ж-а юра мезгилинде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Көмүрдүн кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 15,7°С, январдыкы –17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Суулары: Балгынды, Кашкасуу, Карагатты, Сабажарды, Кайыңды, Казык, Акбогус Терек ж.б. Көлдөрү: Кулун, Көлкайыңды. Негизинен талаа-тулаң (2300–2700 м), токойлуу шалбаа (2700–3100 м), токой (3000–3500 м), субальп, альп шалбаасы (3500–3900 м) ж-а маданий (2100–2500 м) ландшафттар мүнөздүү. А. ө-нүндө Сагындык ж. б. кыш. жайгашкан. Мал чарбасы өнүккөн; жай ыт.