География:ЧОҢАШУУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЧОҢАШУУ — Тескей Алатоонун чыгыш бөлүгүндөгү ашуу. Түргөнаксуунун куймасы Көккыянын ж-а Оттук суусунун тепши сымал өрөөндөрүнүн төрүндө жайгашкан. Бийикт. 3822 м. Аймагындагы чокулардан 380 м төмөн, өрөөндөрдөн 380— 500 м көтөрүңкү жатат. Ашуунун түн. капталынын рельефи татаал, байыркы мөңгү таштардын калдыктары бир нече баскычтуу, дөбөлүү чуңкурларды түзүп, 3 км жол 14 чукул, татаал бурулуштардан турат. Жер астындагы суулардын таасиринен жолдун айрым бөлүктөрүндө жер көчкүлөр жүрүп турат. Түш. капталында кээде эшилме шагыл таштар ж-а жер көчкүлөр жолду бөгөп калат. Ашуунун чарбачылыкта (жайыттарга малды ашырууда ж-а тоокен жумушчуларын тейлөөдө) мааниси зор. Ал аркылуу Ысыккөл өрөөнүн Сарыжаздын алабындагы өрөөндөр (Көөлү, Эңилчек, Кайыңды, Үчкөл ж. б.) м-н байланыштыруучу авт. жолу өтөт.