География:ДӨРӨ АШУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ДӨРӨ АШУУСУ Күнгөй Алатоонун батышында. Дөрө сууларынын башында. Бийикт. 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 200—300 м. Ысыккөлдүн деңгээлинен салыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу неогенге чейинки түздүктүн тектон. жарака б-ча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гранит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тектеринен түзүлгөн. Түн. Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийиктикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Мөңгүдөн башталган Дөрө суусу Чоң-Кеминге куят. Ашуунун түн. бети тик, аскалуу, түштүгү аскалуу, корум таштуу, мореналуу. Д. а. аркылуу Ысыккөл р-нунан Көкойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы ш-нан чыккан туристтердин туруктуу жолуна айланды. Октябрь — май айларында ашууну кар басып, жабылат.