География:БАРСКОН АШУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
БАРСКОН АШУУСУ Тескей Алатоонун борб. бөлүгүндө. Барскон суусу м-н Арабел ойдуңунун башында деңиз деңг. 3756 м бийиктикте жайгашкан. Байыркы өрөөн тибиндеги мөңгүлөр каледондун гранит тектерин жеп, алардын үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Айланасында 4386—4512 м бийиктиктеги чокулар, мөңгүлөр бар. Түн. капталы тик ж-а кыска, түш. капталы жапыз ж-а айдөөш, акырындык м-н сыртка өтөт. Респ. үчүн ашуунун чарбачылыкта мааниси чоң. Ички Теңиртоонун сырттарын Ысыккөл өрөөнү м-н байланыштырат. Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кумтөр алтын кенине барчу авт. жолу өтөт, жогорку вольттуу электр линиясы курулган.