География:ТАЛААТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ТАЛААТОО – Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү тармагы. Баткен р-нун аймагында, Калаймахмуд ж-а Матчасуу сууларынын (Сохтун сол куймалары) алабында. Кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 14–16 км. Орт. бийикт. 4000– 5000 м, эң бийик жери 5621 м (Аскалуу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү; Байыркы мөңгүлөрдүн издери байкалат; Тоонун Матчасуу ж-а Актерек сууларынын өрөөндөрүнө караган түш.-чыгыш капталдары тик, аскалуу, түн. бети (Калаймахмуд өрөөнү жагы) кокту-колоттуу. Соңку силурдун кумдук, сланец, гнейс, пермдин щелочтуу ж-а нефелиндүү сиениттеринен турат. Ландшафтында түркүн чөптүү альп шалбаалуу талаа ж-а жапалак арчалуу талаа (3000– 3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафттары таралган. Жайыт.