География:СОҢКӨЛ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

СОҢКӨЛ ТООСУ Ички Теңиртоодо, Жумгал ж-а Соңкөл өрөөндөрүн бөлөт. Каракече өрөөнүнөн (батышта) Долон ашуусуна (чыгышта) чейин, түндүктү көздөй ийилип, 92 кмге созулат. Эң жазы жери 9 км. Орт. бийикт. 3560 м, эң бийик жери 3856 м. Соңкөл өрөөнүнөн 500–600 м, Жумгалдан 1400–1600 м бийик жайгашкан. Асимметриялуу түзүлүштө, түн. бети тик, түштүк 6–9°ка жантайган байыркы денудациялык түздүктүн калдыгы. Аска-зоока ж-а мөңгү жокко эсе; байыркы мөңгүлөрдүн издери бар. С. т.–герцин тектон. бүктөлүүсүндө пайда болгон татаал структура. Кембрийдин эффузия-чөкмө, ордовиктин терриген ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит, диорит тектеринен турат. Түш. капталына субальп бетегелүү талаа (3100–3400 м), бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа (3400– 3600 м) ж-а субнивалдык суук чөл (3600 мден жогору), түн. капталынын этегине шалбаалуу талаа, сейрек арчалуу токой (2300– 2800 м), субальп, альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.