География:КӨӨЛҮ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КӨӨЛҮ КЫРКА ТООСУ Борб. Теңиртоодо. Түндүгүнөн Көөлү, чыгышынан Сарыжаз, түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Үчкөл, Сарычат өрөөндөрү м-н чектешип, түн.-батышынан чыгышка карай 52 кмге созулат. Туурасы 21 км, орт. бийикт. 4600 м, эң бийик чокусу 5281 м (Конституция). Протерозойдун гранит, гранит-диорит, гнейс, мрамор, сланец, кембрийдин филлит, кумдук, силурдун акиташ теги, девондун андезит, порфирит, доломит, пермдин жегичтүү гранит, сиенит, габроиддери кездешет. Тоо–миздүү кырлар, тик беттер, тегизделген байыркы жондор мүнөздүү болгон мегантиклинорий. К. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 216,2 км2. Кар чеги 4000–4200 м. Нивалдык-гляциалдык, альп, түштүктү караган беттерде шалбаалуу талаа, субальп ландшафттары кездешет.