География:КӨКОЙРОК ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КӨКОЙРОК ТООСУ Түн. Теңиртоодо. Иле Алатоосунун түш. тармагы. Кашкасуу ж-а Чоң Кемин сууларынын аралыгында түн.чыгыштан түш.-батышка карай 21 кмге созулат. Орт. бийикт. 3000–3500 м, эң бийик жери 4202 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр бар. Капталдары негизинен тик, кокту-колоттуу. Протерозойдун башталышында пайда болгон татаал бүктөлүүлөргө дуушарланган гнейс, мигматит, слюдалуу ж-а графиттешкен сланецтер, кварцит, мрамор тектеринен туруп, гранит, аляскит, жегичтүү гранит интрузиялары жиреп чыккан. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (1800 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (1800– 2800 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3300–3400 мге чейин), андан жогору нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.