География:КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ Иле Алатоосу м-н Күнгөй Алатоонун ашташкан жеринде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түш.-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) ж-а бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. К.-Ч. т. т. Түн. Теңиртоонун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери ж-а ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой м-н палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектон. көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн ж. б. турат. Капталдарында үбөлөнүү ж-а гравитациялык процесстер күчтүү өөрчүгөн. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (уз. 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (уз. 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Аксуу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы ж-а гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.