География:КЕМИН ТООСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КЕМИН ТООСУ, Т а з а к е м и н – Иле Алатоосунун түш. тармагы, Т үн. Т еңиртоодо. Кичи Кемин, Тегирментисуу (Чоң Кеминдин оң куймасы) сууларынын аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышты карай Чүй д-на чейин 36 кмге созулуп жатат ж-а чыгыштан батышты карай жапыздайт. Чүй суусунун сол жээгиндеги орогафиялык уландысы – Терекжону ж-а Окторкой тоолору. Эң жазы жери 10 км, орт. бийиктиги 3100 м, эң бийик жери 3884 м. Негизинен протерозойдун башталышында пайда болгон гранит, гнейс-гранит, гранит пегматити ж-а калыңдыгы 4606 мге чейин жеткен гнейс, мигматит, сланец, кварцит, мрамор тектеринен түзүлгөн. Морфологиялык түзүлүшү б-ча жаракасы аркылуу экиге бөлүнөт: чыгышы бийик тоолуу, батышы орто бийиктиктеги тайпак тоо. Чыгышына альп рельефи мүнөздүү: тоо кырлары бийик, аска-зоокалуу, байыркы муздуктун издери кездешет. Тегирменти суусунун башында майда мөңгүлөр бар. Тоонун батыш бөлүгү – горст; түн. ж-а түш. капталдары тектон. жаракалар м-н чектелген. Кыры тайпак денудациялык түздүк. Негизги ашуулары: Кашкажол, Жолбулак, Үчбулак. Ландшафтында талаа ж-а шалбаалуу талаа (1600– 1800 м), бадалдуу шалбаа (2500–2600 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3100–3200 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө ж-а түш. капталында (Тегирменти сайында) карагай токоюнун массивдери бар. Жайыт ж-а чөп чабынды катары пайдаланылат.