География:ТООЛОР 4 9 КАЧЫРАЛЫТӨР ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ТООЛОР 4 9 КАЧЫРАЛЫТӨР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Өзгөн р-нун аймагында, Жазы ж-а Каракулжа сууларынын аралыгында кеңдик багытта дого сымал 25 кмге созулуп жатат. Туурасы 10–13 км. Орт. бийикт. 3700–4100 м, эң бийик жери 4381 м. Суу бөлгүчү кырдуу, аска-зоокалуу. Капталдары тик, майда капчыгайлуу, коктуколоттуу. Карашоро ашуусу бар. Юранын конгломерат, кумдук, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Шалбаалуу токой (карагай арча; 2900–3100 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаа (3200–3300 мге чейин), гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.