География:КАРАТЕПЕ ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КАРАТЕПЕ ТООСУ – Алай кырка тоосунун түш. тармагы. Алай өрөөнүнүн түндүгүндө, Талдык ж-а Кызылсуу сууларынын аралыгында (Сарыташ кыш-нын батышынан) кеңдик багытта 23–25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3300–3500 м, эң бийик жери 3794 м. Тоонун жону негизинен түзөң, аскалар батышында ж-а чыгышында гана кездешет. Түн. капталы тик, түштүгүндө Алай өрөөнүн карай жантайып түшөт. Силурдун сланец, кумдук, акиташ теги, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Бийик тоолуу талаа ж-а субальп, альп шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайыт.