География:КАРАГАЙЛЫТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАРАГАЙЛЫТОО – Талас Алатоонун түн. тармагы. Каракайың ж-а Бешташ сууларынын аралыгында түн.-батыштан түш.чыгышка 24 кмдей созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 3300–3700 м, эң бийик жери 3839 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Негизинен соңку рифейдин биотиттүү гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат. Талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), көк карагайлуу токой, шалбаалуу-талаа (1800– 2800 м) субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (2800–3300 м), андан жогору субнивалдык суук чөл, гляциалдыкнивалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.