География:ЗЕРГЕР ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЗЕРГЕР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Зергер ж-а Доңузтоо сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн р-нун аймагында. Туурасы 7–8 км. Орт. бийикт. 1700–2000 м, эң бийик жери 2186 м. Кыры тайпак, түш.-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түн.-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь ж-а юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гравелит, жапызыраак түш.-батышы бордун кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бийик чөптүү талаа (1600 мге чейин) ж-а андан жогору шалбаалуу талаа, шалбаалуу жаңгак токою ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбалары бар.