География:ЖУУКУ ТООСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖУУКУ ТООСУ–Тескей Алатоонун түн. тармагы. Жууку ж-а Барскон сууларынын аралыгында 35–38 кмге созулуп жатат. Туурасы 15–17 км. Орт. бийиктиги 3900– 4300 м, эң бийик жери 4671 м. Кыры асказоокалуу ж-а мөңгүлүү, түн. капталы Ысыккөл өрөөнүн көздөй тигирээк түшөт; Чоң ж-а Кичи Жаргылчак, Актерек, Чычкан сууларынын өрөөндөрүндө терең капчыгайлар бар. Түш.-чыгыш капталы Жууку капчыгайына тик түшөт. Тоо негизинен соңку рифейдин гранит-диорит, порфирит ж-а гнейстүү диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Тоонун түн. капталына шалбаалуу талаа (2300–2400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (карагай; 2400–2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (2900–3300 м), андан жогору бийик тоо тундрасы, талаа ж-а гляциалдык-нивалдык, түш. капталына негизинен шалбаалуу токой, субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбалары бар.