География:ЖЕТИСАНДАЛ ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖЕТИСАНДАЛ ТООСУ – Чандалаш тоосунун орто бөлүгүндөгү тармагы. Кайың ж-а Сарыкол (Чаткал суусунун оң куймалары) сууларынын алабында жайгашкан. Чаткал р-нун аймагында. Уз. 25–27 км, туурасы 4–5 км. Орт. бийикт. 3300–3600 м, эң бийик жери 3969 м. Тоонун түш.-чыгыш капталы Чаткал өрөөнүн көздөй тик түшүп, кокту-колоттуу. Кыры аскалуу, мөңгүлөрү жок. Карбондун акиташ, конгломерат, доломиттүү акиташ тектеринен турат. Ландшафтына талаа жа шалбаалуу талаа (2500–2600 мге чейин), шалбаа бадалдуу токой (2500–2900 м), субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаа талаа (2900– 3500 м), андан жогору зоокалар мүнөздүү. Жайыт.