География:ЖАРТАШ КУРОРТ ЗОНАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЖАРТАШ КУРОРТ ЗОНАСЫ – Москва р-нундагы бальнеол . курортко ылайыктуу аймак. Беловодский т . ж . бекетинен 30 км түштүктө, Бишкектен 100 км түш.батыш тарапта (Бишкек ш . м-н авт . жолу аркылуу байланышат). Кыргыз Алатоосунун түн . капталында, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук (январдын орт . темп-расы –5°С); жайы салкын (июлдуку –17°С). Жылдык жаан-чачыны 650 ммдей. Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 59%. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкылтектүү гидрокарбонаттуу магний-кальцийлүү суу (минералдануусу 1,6 г/лге чейин); составында темир (10–12 мг/л) бар. Суткалык дебити 1728 м3ге жеткен эки скважинасы пайдаланылат. Суусу дарылоо-суусундук катары «Аксуу» деген ат м-н («Жарташ нар заны» деп да аталат) бөтөлкөгө куюлуп алынат. Ашказан, ичеги, боор, өт жолдору оорулуулар пайдаланат. О . эле, к. Аксуу (Жарташ) минералдуу суусу макаласын.