География:КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)

м (1 версия)

(2 intermediate revisions by the same user not shown)
1-сап: 1-сап:
– дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Атбашы р-нунда, Пограничник кыш-нан 65–70 км түш.-батышта. Какшаал кырка тоосунун түн. этегинде, Арпа ж-а Каракол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде деңиз деңг. 3200 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. 1932-ж. геол. маалымат берилген. Кен аймагын палеозой ж-а мезозойдо пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ тектери түзөт. Минералдуу булак юранын карбонаттуу кумдук, акиташ тектериндеги тектон. жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, мала туз даамданат. Темирдин суулуу кычкылы басымдуу болгондуктан булак агып чыккан жердеги тоо тектерде саргыч күрөң дат басып турат. Темп-расы 6°С. Составы гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактар жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турганы жерг. элге илгертеден белгилүү болсо да, анда геол. жумуштар 1951-ж. жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Батыш Каракол Ош ш-нан 150 км чыгыш тарапта, Каракулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 3100 м бийиктикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук тоотек катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу жер бетине бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө чыгат. Чыгыш Каракол Атбашы кыш-нан 115 км түш.батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңг.3250 м бийиктикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борб. бөлүгүндөгү тектон.жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек.
Бөйрөк, боор, ичеги-карын ооруларын сууну ичүү жолу м-н дарыласа болот.
Хим. составы ж-а физ. касиеттери б-ча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу муздак (5°–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (рН–6,5) келип, составы гидрокарбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералданышы 0,91 – 1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эрүү түрүндө суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол).
Минералданышы, хим. ж-а газ составы б-ча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, ал эми Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска

КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактар жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турганы жерг. элге илгертеден белгилүү болсо да, анда геол. жумуштар 1951-ж. жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Батыш Каракол Ош ш-нан 150 км чыгыш тарапта, Каракулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 3100 м бийиктикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук тоотек катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу жер бетине бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө чыгат. Чыгыш Каракол Атбашы кыш-нан 115 км түш.батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңг.3250 м бийиктикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борб. бөлүгүндөгү тектон.жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. Хим. составы ж-а физ. касиеттери б-ча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу муздак (5°–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (рН–6,5) келип, составы гидрокарбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералданышы 0,91 – 1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эрүү түрүндө суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданышы, хим. ж-а газ составы б-ча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, ал эми Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.