География:КАБА ТЕМИР КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>КАБА ТЕМИР КЕНИ</strong> Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында. Кабасай рудалуу талаасына жакын жайгашкан. | |||
Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. | Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. | ||
1951–64-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоотектери, о. эле каледондун гранит-диориттери түзөт. | 1951–64-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоотектери, о. эле каледондун гранит-диориттери түзөт. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КАБА ТЕМИР КЕНИ Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында. Кабасай рудалуу талаасына жакын жайгашкан. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1951–64-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоотектери, о. эле каледондун гранит-диориттери түзөт. Руда акиташ теги м-н гранит-диорит интрузиясынын кошулган жеринде дого сымал ичке тилкени түзүп жатат. Мында скарн процесси пайда болуп, анын аяктоо мезгилинде тектон. терең жарака м-н тилмеленген. Натыйжада жарака аркылуу көтөрүлгөн гидротерм эриндисинен магнетит, галенит, пирит, сфалерит ж. б. минералдар пайда болгон. Негизги руда– магнетит. Жогорку сапаттуу. Т илкенин уз. 1,5 км, туурасы 0,5 м. Темирдин кондициялык өлчөмү 40%ке чейин. Запасы 1,5 млн т.