География:ЫСЫККӨЛ ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)

1-сап: 1-сап:
— Кырг-ндын түн.-чыгышындагы бийик тоо өрөөнү.
ЫСЫККӨЛ ОЙДУҢУ — Кырг-ндын түн.-чыгышындагы бийик тоо өрөөнү.
Түндүгүнөн Күнгөй (эң бийик жери Чоктал чокусу, 4771 м), түштүгүнөн Тескей (Каракол чокусу 5216 м) Алатоолору м-н чектешет. Таманын Ысыккөл ээлейт. Өрөөн кендик б-ча 275 км аралыкта созулуп жатат. Таманынын туурасы 65 км. Деңиз деңг. бийикт. 1600–2300 м. Геол. түзүлүшү жагынан өрөөн тектон. жаракалар м-н татаалданган синклиналдык ойдуң. Палеогенде башталган неотектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон. Ак
Түндүгүнөн Күнгөй (эң бийик жери Чоктал чокусу, 4771 м), түштүгүнөн Тескей (Каракол чокусу 5216 м) Алатоолору м-н чектешет. Таманын Ысыккөл ээлейт. Өрөөн кендик б-ча 275 км аралыкта созулуп жатат. Таманынын туурасы 65 км. Деңиз деңг. бийикт. 1600–2300 м. Геол. түзүлүшү жагынан өрөөн тектон. жаракалар м-н татаалданган синклиналдык ойдуң. Палеогенде башталган неотектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон. Ак

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЫСЫККӨЛ ОЙДУҢУ — Кырг-ндын түн.-чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Түндүгүнөн Күнгөй (эң бийик жери Чоктал чокусу, 4771 м), түштүгүнөн Тескей (Каракол чокусу 5216 м) Алатоолору м-н чектешет. Таманын Ысыккөл ээлейт. Өрөөн кендик б-ча 275 км аралыкта созулуп жатат. Таманынын туурасы 65 км. Деңиз деңг. бийикт. 1600–2300 м. Геол. түзүлүшү жагынан өрөөн тектон. жаракалар м-н татаалданган синклиналдык ойдуң. Палеогенде башталган неотектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон. Ак

тивдүү сейсмдик аймакта. Таманы ж-а тоо этектери ар кандай борпоң чөкмө тектерден, ал эми айланасындагы кырка тоолор палеозойдун чөкмө, метаморфизм ж-а магма тоо тектеринен турат. Ойдуңдун борб. бөлүгүндө жайгашкан Ысыккөлдү түздүктөр курчап жатат. Ичке жээк тилкелерин кум каптап, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздуу жерлер да кездешет. Түздүктөр көлдүн чыгыш тарабында Түп, Жыргалаң сууларынын өрөөндөрү б-ча 40–50 кмге созулат. Көлдүн түн. жээгинде түздүктөрдүн жазылыгы 1— 10 км, батыш жээгинде 10–15 км. Түш. жээгиндеги түздүктөрдү тоо этегиндеги айрым жалчалар бөлүп турат. Күнгөй ж-а Тескей Алатоолорунун этектери мезозой-кайнозой чөкмөлөрүнөн түзүлүп, сай, аң ж-а суу өрөөндөрү, капталдары кууш капчыгайлар м-н өтө тилмеленген. Батышындагы кууш Боом капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнү м-н туташат. Климаттык шарты ар кыл.

Батыш жагы кургакчыл, улан шамалы мезгили м-н согуп турат; жаан-чачын аз жаайт (200 ммге чейин), чыгышы нымдуу (500–600 мм). Январдын орт. темп-расы батышта (Балыкчыда) —3,9°С, түндүктө (Чолпонатада) — 2,8°С, түштүктө (Тамгада) –2,0°С, чыгышта (Кызыл Октябрда) — 8,9°С, июлдуку ошол эле пункттарда 17,5°С; 16,7°С, 17,2°С, 15,7°С. Көл суусунун таасиринен өрөөндүн кышы мелүүн, жайы салкын. Курчап турган кырка тоолордун өрөөн жак беттеринде жалпы аянты 649 км2 болгон 631 мөңгү бар. Тескей Алатоонун борб. бөлүгү–Каракол, Жетөгүз, Чоң Кызылсуунун алаптарында топтолгон көлгө 118 агын суу куйган. Азыр алардын көбү көлгө жетпей сугатка таралып кетет. Ири суулары: Жыргалаң (22,0 м3/сек), Түп (10,7 м3/сек), Жууку (6,2 м3/сек) ж. б. Негизинен мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Ы. о-нун топурагы ж-а өсүмдүктөрү бийиктик б-ча өзгөрөт. Батыш жагы чөл ж-а жарым чөл (1608–2200 м бийикте), чыгыш тарабын ошол эле бийикте талаа ландшафты ээлейт. Топурагы чөлдө бозомук, күңүрт карбонаттуу, өсүмдүктөрү негизинен шыбак, кекире, чий, камгак, терскен ж. б. Кара коңур топурактуу талаа тилкесинде ар түркүн бетеге, аккылкан, шыраалжын, тарабаш ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Батышында талаа тилкеси тоо капталдарында 2000 мден 3000 м бийикке чейин таралган. Чыгышында кара коңур ж-а кара топурактуу (Чолпоната ж-а Тоңдон чыгышта) талаа тилкеси токой ж-а шалбаа тилкелери м-н алмашып, шалбаа-токойлуу талаа зонасын түзөт. Өсүмдүктөрү: ак шыбак, шыраалжын, бетеге, кызыл кабык, тоо буурчак, каз таңдай ж. б. Токой тилкесинде карагай, четин, чыны карагат, табылгы, ыргай, шилби, арча ж. б. өсөт. 2800–3100 м бийиктикте каралжын топурактуу, чымдуу субальп тилкесинде түркүн чөп өсүмдүктөрүнө майда бадалдар аралаш өсөт. 3100–3500 м бийиктикте каралжын шалбаа тоо топурактуу жапыс өскөн доңуз сырты, өлөң чөп, бетеге, мамыры, каз таңдай ж. б. басымдуу. Андан жогору кар, мөңгүлүү жалама аска-зоокалар ээлейт. Ойдуңдун түзөң жерлери айдоо (буудай, тоют өсүмдүктөрү, картошка ж. б.). Жаныбарлары да ар кыл ж-а бийиктик б-ча өзгөрөт. Батышында коён, түлкү, кемирүүчөлөр кездешет. Бийик тоолордо тоо эчки, илбирс, аркар, аюу ж. б., суучул куштар — өрдөк, ак куу, ызгыт, чулдук, көл жээгинде кыргоол, кекилик, тоолордо улар, чөкө таан, бүркүт, жору, кузгун ж. б. кездешет. Өрөөндүн тоо-деңиз климаты, жаратылышынын өтө кооздугу, минералдуу ысык суу м-н дары баткакка байлыгы, абанын жогорку деңгээлинде иондошкондугу ж. б. адамдын организмине жагымдуу таасирин тийгизген жаратылыш шарттары Ы. о-нун дүйнөлүк маанидеги курорт зонасына айландырды. Негизги курорт жа санаторийлери: «Жетөгүз», «Аксуу», «Жыргалаң», «Тамга», «Көгүлтүр Ысыккөл» ж. б. Өрөөндө дан ж-а мал чарбасы өнүккөн. Анда респ-нын калкынын 13%и отуракташкан. Ы. о-нда Каракол, Балыкчы, Чолпоната ш., Каракол, Кажысай, Жыргалаң, Акбулак, Ортотокой ж. б. шаарчалар, көптөгөн кыштактар жайгашкан О. эле к. Ысыккөл, Ысыккөл курорт зонасы, Ысыккөл облусу ж-а анын р-ндору ж-дөгү макалаларды. А. Осмонов