География:ЧОҢ КЕМИН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>ЧОҢ КЕМИН ӨРӨӨНҮ</strong> Күнгөй ж-а Иле Алатоолорунун ортосунан орун алган. Уз. 120 км, туурасы 1–10 км, өрөөндүн башы (чыгышы) Кемин-Челек тоо тоомуна такалып, аягы (батышы) Чүй өрөөнү м-н туташат. Түн.-батышынан Кемин тоосу м-н чектешет. Деңиз деңг. бийикт. 1340 мден (Чоң Кемин суусунун чаты) 3200 мге чейин (Аксуу ж-а Челек сууларынын кошулган жери). Рельефи бардык жерде бирдей эмес. Жиндисуудан чыгышты карай аянты 406 км2 келген байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөн — Көгойрок (уз. 35 км, туурасы 0,5– 1 км) жайгашкан. Чымбулактан Жиндисууга чейин Ортоңку Кемин капчыгайы созулуп жатат. Анын капталдары тик, таманы кууш. Төртүнчүлүк мезгилдин калыптанган 6 тектир бар. Акташкороо суусунан Чымбулакка чейин 25 км аралыкта туурасы 8–9 км, тектирлүү (7), кенен, жайык түздүк жатат. Ал төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнө толгон. Өрөөндүн бул бөлүгүндө айдоо жерлер, айыл-кыштактар жайгашкан. Төмөнкү Кемин капчыгайы (Акташкороо суусунан Чоң Кеминдин чатына чейин) агын суунун аракетинен пайда болгон. Борб. Кемин тектон. жаракасы буга көмөкчү болгон. Анын уз. 7 км, туурасы 300–400 м (айрым жерлерин Чоң Кемин суусунун нугу гана ээлейт). | |||
Өрөөндүн геол. структурасында протерозой м-н палеозойдун кристаллдуу ж-а метаморфизмделген сланецтери, гнейстери, мигматит, мрамор ж. б. тектер кезигет. Тектон. кыймыл Түн., Борб., Түш. Кемин жаракаларынын жигинде палеоген-неогенде башталган. Ургаалдуу тектон. кыймылдын натыйжасында Күнгөй ж-а Иле Алатоолору мегантиклиналь, өрөөн мегасинклиналь болуп түзүлгөн. Алгачкы көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болгон, ортоңку төртүнчүлүк мезгилде 30 эсеге өсүп, жылына 3 ммге, голоцендин аягында 6 ммге тездеген. Ч.К.ө. — Теңиртоонун катуу жер титирөөлөр болуучу райондорунун бири. 1887-ж. 28-майдагы Верный, 1889-ж. Челек, 1911-ж. 4-январдагы Кемин, 1938-ж. 21-июлдагы Кемин-Чүй жер титирөөлөрү чоң кыйроолорго дуушар кылган. 1911-жылкы жер титирөөдө Кемин тектон. жаракалары кыймылга келип, көптөгөн ири көчкүлөр жүргөн. 1938-ж. Ч. | Өрөөндүн геол. структурасында протерозой м-н палеозойдун кристаллдуу ж-а метаморфизмделген сланецтери, гнейстери, мигматит, мрамор ж. б. тектер кезигет. Тектон. кыймыл Түн., Борб., Түш. Кемин жаракаларынын жигинде палеоген-неогенде башталган. Ургаалдуу тектон. кыймылдын натыйжасында Күнгөй ж-а Иле Алатоолору мегантиклиналь, өрөөн мегасинклиналь болуп түзүлгөн. Алгачкы көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болгон, ортоңку төртүнчүлүк мезгилде 30 эсеге өсүп, жылына 3 ммге, голоцендин аягында 6 ммге тездеген. Ч.К.ө. — Теңиртоонун катуу жер титирөөлөр болуучу райондорунун бири. 1887-ж. 28-майдагы Верный, 1889-ж. Челек, 1911-ж. 4-январдагы Кемин, 1938-ж. 21-июлдагы Кемин-Чүй жер титирөөлөрү чоң кыйроолорго дуушар кылган. 1911-жылкы жер титирөөдө Кемин тектон. жаракалары кыймылга келип, көптөгөн ири көчкүлөр жүргөн. 1938-ж. Ч. | ||
К. ө-нүн төмөнкү бөлүгү м-н Боом капчыгайындагы жер титирөөдө көчкүлөр жүрүп, жаракалар пайда болгон. | К. ө-нүн төмөнкү бөлүгү м-н Боом капчыгайындагы жер титирөөдө көчкүлөр жүрүп, жаракалар пайда болгон. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЧОҢ КЕМИН ӨРӨӨНҮ Күнгөй ж-а Иле Алатоолорунун ортосунан орун алган. Уз. 120 км, туурасы 1–10 км, өрөөндүн башы (чыгышы) Кемин-Челек тоо тоомуна такалып, аягы (батышы) Чүй өрөөнү м-н туташат. Түн.-батышынан Кемин тоосу м-н чектешет. Деңиз деңг. бийикт. 1340 мден (Чоң Кемин суусунун чаты) 3200 мге чейин (Аксуу ж-а Челек сууларынын кошулган жери). Рельефи бардык жерде бирдей эмес. Жиндисуудан чыгышты карай аянты 406 км2 келген байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөн — Көгойрок (уз. 35 км, туурасы 0,5– 1 км) жайгашкан. Чымбулактан Жиндисууга чейин Ортоңку Кемин капчыгайы созулуп жатат. Анын капталдары тик, таманы кууш. Төртүнчүлүк мезгилдин калыптанган 6 тектир бар. Акташкороо суусунан Чымбулакка чейин 25 км аралыкта туурасы 8–9 км, тектирлүү (7), кенен, жайык түздүк жатат. Ал төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнө толгон. Өрөөндүн бул бөлүгүндө айдоо жерлер, айыл-кыштактар жайгашкан. Төмөнкү Кемин капчыгайы (Акташкороо суусунан Чоң Кеминдин чатына чейин) агын суунун аракетинен пайда болгон. Борб. Кемин тектон. жаракасы буга көмөкчү болгон. Анын уз. 7 км, туурасы 300–400 м (айрым жерлерин Чоң Кемин суусунун нугу гана ээлейт). Өрөөндүн геол. структурасында протерозой м-н палеозойдун кристаллдуу ж-а метаморфизмделген сланецтери, гнейстери, мигматит, мрамор ж. б. тектер кезигет. Тектон. кыймыл Түн., Борб., Түш. Кемин жаракаларынын жигинде палеоген-неогенде башталган. Ургаалдуу тектон. кыймылдын натыйжасында Күнгөй ж-а Иле Алатоолору мегантиклиналь, өрөөн мегасинклиналь болуп түзүлгөн. Алгачкы көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болгон, ортоңку төртүнчүлүк мезгилде 30 эсеге өсүп, жылына 3 ммге, голоцендин аягында 6 ммге тездеген. Ч.К.ө. — Теңиртоонун катуу жер титирөөлөр болуучу райондорунун бири. 1887-ж. 28-майдагы Верный, 1889-ж. Челек, 1911-ж. 4-январдагы Кемин, 1938-ж. 21-июлдагы Кемин-Чүй жер титирөөлөрү чоң кыйроолорго дуушар кылган. 1911-жылкы жер титирөөдө Кемин тектон. жаракалары кыймылга келип, көптөгөн ири көчкүлөр жүргөн. 1938-ж. Ч. К. ө-нүн төмөнкү бөлүгү м-н Боом капчыгайындагы жер титирөөдө көчкүлөр жүрүп, жаракалар пайда болгон. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы —10,5°С, июлдуку 17,0°С; жылдык жаан-чачыны 440 мм; тоо капталдарында 600–700 ммге чейин. Негизги суу артериясы — Чоң Кемин. Өрөөндө тоо көчкүлөрүнүн же морена тектеринин сууну бөгөп калышынан пайда болгон чакан көлдөр бар. Көбү Көлтөр, Жашылкөл, Алматы, Көлалматы өрөөндөрүндө жайгашкан. Ч.К.ө-нүн алабында төртүнчүлүк мезгилдеги 1-муз каптоонун аянты 666 км2, экинчисиники 593 км2, үчүнчүсүнүкү 187 км2 болгон. Азыркы кездеги мөңгүнүн жалпы аянты 124 км2. Кар чеги 3850 м бийиктикте жатат. Ири мөңгүлөрү Аксуунун алабында жайгашкан. Ч.К.ө-нүн ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Жарым чөл тилкеси деңиз деңг. 1400–1500 м бийиктикте жатат. Кара коңур топурактуу. Аккылкан, шыбак ж. б. чөп өсүмдүктөрү басымдуу. Талаа ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү ж-а бадалдар 1500–2500 м бийикте таралган. Талаа чөбү негизинен кызылот, буудайык, көк шыбак, кара шыбак, бетеге, тоосулу, айгыржыгар ж. б-дан туруп, кара коңур ж-а тоонун кара топурагында өсөт. Шалбаа өсүмдүктөрү ( шибер, сүйсөн, кой жалбырак, аткулак, аксокто, ыраң, түлкү куйрук, көбүргөн, шимүүр, теңге чөп, казтаман ж. б.) бадалдуу, узун чөптүү шалбаа, токой тилкелеринде (1500–3300 м) кезигет. Бадалдар шалбаалуу талаа тилкесинде (алтыгана, табылгы, итмурун, төөкуйрук, эчкитал ж. б.) деңиз деңг. 1500– 1800 м бийиктикте таралган. Токой деңиз деңг. 1800–2700 м бийиктикте зор тилкени түзөт. Мында негизинен карагай басымдуу, арча да кездешет. Каралжын тоо-токой топурагы мүнөздүү. Капчыгайларда арча, шилби, табылгы, итмурун, акшыбак, төөтаман, бетеге, кызылот, эшилме шагылдарда ж-а аскаларда акшыбак, төөтаман ж. б. өсүмдүктөр өсөт. 2700–3100 м субальпы, 3100–3500 м бийиктикте альп шалбаалары таралган. 3800 мден жогору түбөлүк кар, мөңгүлүү тилке андан төмөнүрөөк мамык чөп, эңилчек, доңуз сырты ж. б. өсүмдүктөр өтө сейрек кездешет. Ч. К. ө. жаратылышынын түрдүүлүгүнө жараша табигый байлыктарга да бай. Көгойрок жайлоосунда Кемин, Чүй өрөөндөрүнөн башка, Ысыккөл өрөөнүнүн айрым райондорунун малы асыралат. Өрөөндүн кара топурактуу төмөнкү түзөң бөлүгүндө дээрлик картошка эгилет. Токойлуу бадалдуу ландшафттар Чоң Кемин улуттук жаратылыш паркына айландырылып, эс алуу багытында пайдаланылат. Ш. Качаганов, Ш. Токомбаев