География:ТАРАГАЙ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>ТАРАГАЙ ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо. | |||
Жетөгүз р-нун аймагында. Сөөк (Жетимбел), Тескей Алатоо ж-а Акшыйрак кырка тоолорунун аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка карай Тарагай суусунун агымы б-ча 80 кмге созулуп жатат. Өрөөндүн таманынын баш жагы Арабел — Кумтөр сырты деп аталып, туурасы 18–20 кмге чейин жетет; орто жеринде 3–4 кмге кууштап, жалама тик беттүү; аягы кайра 20–22 кмге кеңейип, Жаманечки ж-а Карасай куйган аймакта 1 кмге чейин кууштайт. Таманы деңиз деңг. 3200–3700 м бийиктикте жатат; тегерегинде курчаган тоолордун салыштырмалуу бийикт. 900– 1200 м. Өрөөндүн рельефинде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон мореналык жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар айырмаланып турат. Айрым чуңкурларда көлдөр, саздуу жерлер бар. Тектирлүү (бийикт. 75– 105 м), алар тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Тарагай суусунун нугу кенен, шагыл таштардан турат. Сөөк тоосунун өрөөндү караган капталдары тик, айрым жерлери жалама беттүү, майда капчыгай, кокту-колоттуу. Тескей Алатоонун ж-а Акшыйрак кырка тоосунун беттери жантайыңкы. Өрөөндүн түш.-чыгыш бети (Кызылешме, Кыркоо) жантайыңкы келип, байыркы түздүктөрдүн кенен аянттары кездешет. Өрөөндүн таманы байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен пайда болгон майда таш, шагыл, кум, чопо, тоо капталдары мраморлошкон ж-а доломиттешкен акиташ теги, графиттүү филлит, гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат. | Жетөгүз р-нун аймагында. Сөөк (Жетимбел), Тескей Алатоо ж-а Акшыйрак кырка тоолорунун аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка карай Тарагай суусунун агымы б-ча 80 кмге созулуп жатат. Өрөөндүн таманынын баш жагы Арабел — Кумтөр сырты деп аталып, туурасы 18–20 кмге чейин жетет; орто жеринде 3–4 кмге кууштап, жалама тик беттүү; аягы кайра 20–22 кмге кеңейип, Жаманечки ж-а Карасай куйган аймакта 1 кмге чейин кууштайт. Таманы деңиз деңг. 3200–3700 м бийиктикте жатат; тегерегинде курчаган тоолордун салыштырмалуу бийикт. 900– 1200 м. Өрөөндүн рельефинде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон мореналык жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар айырмаланып турат. Айрым чуңкурларда көлдөр, саздуу жерлер бар. Тектирлүү (бийикт. 75– 105 м), алар тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Тарагай суусунун нугу кенен, шагыл таштардан турат. Сөөк тоосунун өрөөндү караган капталдары тик, айрым жерлери жалама беттүү, майда капчыгай, кокту-колоттуу. Тескей Алатоонун ж-а Акшыйрак кырка тоосунун беттери жантайыңкы. Өрөөндүн түш.-чыгыш бети (Кызылешме, Кыркоо) жантайыңкы келип, байыркы түздүктөрдүн кенен аянттары кездешет. Өрөөндүн таманы байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен пайда болгон майда таш, шагыл, кум, чопо, тоо капталдары мраморлошкон ж-а доломиттешкен акиташ теги, графиттүү филлит, гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат. | ||
Климаты континенттик, суук; январдын орт. темп-расы –22°С, июлдуку 4,2°С, жылдык жаан-чачыны 300–370 мм. Акшыйрак кырка тоосунда Петров, Лысый, Акбел, Тескей Алатоодо Кашкасуу, Котуртөр, Иттиш, Сөөк тоосунда Майтөр мөңгүлөрү жайгашкан. Өрөөндө Тарагай суусу (Чоң Нарындын башталышы) ж-а анын куймалары — Жаманечки, Өкүргөн, Сөөк, Жетимбел, Майтөр, Арабел, Котуртөр, Иттиш (оң) ж-а Чолоктөр, Борду, Сарытөр, Кумтөр (сол) суулары агат. Таманында ондогон майда көлдөр бар. Өрөөн жыл бою көп жылдык тоңдун таасиринде жатып, рельефтин термокарст, солифлюкция процесстеринен пайда болгон формалары кездешет. Өрөөндүн таманына жарым чөл, талаа (аягына ж-а ортоңку бөлүгүнө), шалбаа, шалбаалуу талаа (баш жагына; 3700 м бийиктикке чейин), тоо капталдарына кургак талаа, муздак тундралуу чөл (4000 мге чейин), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт. | Климаты континенттик, суук; январдын орт. темп-расы –22°С, июлдуку 4,2°С, жылдык жаан-чачыны 300–370 мм. Акшыйрак кырка тоосунда Петров, Лысый, Акбел, Тескей Алатоодо Кашкасуу, Котуртөр, Иттиш, Сөөк тоосунда Майтөр мөңгүлөрү жайгашкан. Өрөөндө Тарагай суусу (Чоң Нарындын башталышы) ж-а анын куймалары — Жаманечки, Өкүргөн, Сөөк, Жетимбел, Майтөр, Арабел, Котуртөр, Иттиш (оң) ж-а Чолоктөр, Борду, Сарытөр, Кумтөр (сол) суулары агат. Таманында ондогон майда көлдөр бар. Өрөөн жыл бою көп жылдык тоңдун таасиринде жатып, рельефтин термокарст, солифлюкция процесстеринен пайда болгон формалары кездешет. Өрөөндүн таманына жарым чөл, талаа (аягына ж-а ортоңку бөлүгүнө), шалбаа, шалбаалуу талаа (баш жагына; 3700 м бийиктикке чейин), тоо капталдарына кургак талаа, муздак тундралуу чөл (4000 мге чейин), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ТАРАГАЙ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Жетөгүз р-нун аймагында. Сөөк (Жетимбел), Тескей Алатоо ж-а Акшыйрак кырка тоолорунун аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка карай Тарагай суусунун агымы б-ча 80 кмге созулуп жатат. Өрөөндүн таманынын баш жагы Арабел — Кумтөр сырты деп аталып, туурасы 18–20 кмге чейин жетет; орто жеринде 3–4 кмге кууштап, жалама тик беттүү; аягы кайра 20–22 кмге кеңейип, Жаманечки ж-а Карасай куйган аймакта 1 кмге чейин кууштайт. Таманы деңиз деңг. 3200–3700 м бийиктикте жатат; тегерегинде курчаган тоолордун салыштырмалуу бийикт. 900– 1200 м. Өрөөндүн рельефинде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон мореналык жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар айырмаланып турат. Айрым чуңкурларда көлдөр, саздуу жерлер бар. Тектирлүү (бийикт. 75– 105 м), алар тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Тарагай суусунун нугу кенен, шагыл таштардан турат. Сөөк тоосунун өрөөндү караган капталдары тик, айрым жерлери жалама беттүү, майда капчыгай, кокту-колоттуу. Тескей Алатоонун ж-а Акшыйрак кырка тоосунун беттери жантайыңкы. Өрөөндүн түш.-чыгыш бети (Кызылешме, Кыркоо) жантайыңкы келип, байыркы түздүктөрдүн кенен аянттары кездешет. Өрөөндүн таманы байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен пайда болгон майда таш, шагыл, кум, чопо, тоо капталдары мраморлошкон ж-а доломиттешкен акиташ теги, графиттүү филлит, гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат. Климаты континенттик, суук; январдын орт. темп-расы –22°С, июлдуку 4,2°С, жылдык жаан-чачыны 300–370 мм. Акшыйрак кырка тоосунда Петров, Лысый, Акбел, Тескей Алатоодо Кашкасуу, Котуртөр, Иттиш, Сөөк тоосунда Майтөр мөңгүлөрү жайгашкан. Өрөөндө Тарагай суусу (Чоң Нарындын башталышы) ж-а анын куймалары — Жаманечки, Өкүргөн, Сөөк, Жетимбел, Майтөр, Арабел, Котуртөр, Иттиш (оң) ж-а Чолоктөр, Борду, Сарытөр, Кумтөр (сол) суулары агат. Таманында ондогон майда көлдөр бар. Өрөөн жыл бою көп жылдык тоңдун таасиринде жатып, рельефтин термокарст, солифлюкция процесстеринен пайда болгон формалары кездешет. Өрөөндүн таманына жарым чөл, талаа (аягына ж-а ортоңку бөлүгүнө), шалбаа, шалбаалуу талаа (баш жагына; 3700 м бийиктикке чейин), тоо капталдарына кургак талаа, муздак тундралуу чөл (4000 мге чейин), андан жогору нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт. Ш. Качаганов