География:ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ</strong> — Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы ландшафты кооз жер. Өзгөн р-нунун аймагында. Байбиче, Торгойдөбө, Доңузтоо, Токсонкемпир тоолору, Сурташ ж-а Мырзаке ашуулары аркылуу Өзгөн өрөөнү м-н чектешет. Уз. 200 кмдей, туурасы 5–6 км. | |||
Өзгөн ш-нан 70 км чыгыш тарапта, Оштон 130 км. Жогорку бөлүгү Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөлүү түздүк. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн жумшак; январдын орт. темп-расы —6°Сден —8°Сге чейин. Жайы мелүүн жылуу; июлдун орт. темп-расы 14°—18°С. Жылдык жаан-чачыны 500–900 ммге чейин. Өрөөн аркылуу Жазы суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур ж-а каралжын тоо топурагы басымдуу. | Өзгөн ш-нан 70 км чыгыш тарапта, Оштон 130 км. Жогорку бөлүгү Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөлүү түздүк. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн жумшак; январдын орт. темп-расы —6°Сден —8°Сге чейин. Жайы мелүүн жылуу; июлдун орт. темп-расы 14°—18°С. Жылдык жаан-чачыны 500–900 ммге чейин. Өрөөн аркылуу Жазы суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур ж-а каралжын тоо топурагы басымдуу. | ||
Өрөөндүн тоо этегиндеги бөлүгүнө жарым чөл, 1200–2600 м бийиктикке бадал, шалбаалуу талаа, 2600–3100 мге токойлуу шалбаа ж-а токой, 3100–3600 мге субальп ж-а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Ж. ө. бальнеол.-баткак м-н дарылоочу курортко ылайыктуу аймак. Андан Карашоро минералдуу суусу ж-а дары баткак кени чыгат. Карашоро кени Ж. өнүн борб. бөлүгүндө, Качаралатур ж-а Коңурдөбө сууларынын чаттарына жакын 2400 м бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (минералдануусу 2,4–3,1 г/л) ж-а көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (минералдануусу 5,3–15 г/л) № 5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (суткалык дебити 29,4 м3) дарылоо-суусундук катары «Карашоро №5» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат (жылына 1 —1,5 млн бөтөлкө). | Өрөөндүн тоо этегиндеги бөлүгүнө жарым чөл, 1200–2600 м бийиктикке бадал, шалбаалуу талаа, 2600–3100 мге токойлуу шалбаа ж-а токой, 3100–3600 мге субальп ж-а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Ж. ө. бальнеол.-баткак м-н дарылоочу курортко ылайыктуу аймак. Андан Карашоро минералдуу суусу ж-а дары баткак кени чыгат. Карашоро кени Ж. өнүн борб. бөлүгүндө, Качаралатур ж-а Коңурдөбө сууларынын чаттарына жакын 2400 м бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (минералдануусу 2,4–3,1 г/л) ж-а көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (минералдануусу 5,3–15 г/л) № 5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (суткалык дебити 29,4 м3) дарылоо-суусундук катары «Карашоро №5» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат (жылына 1 —1,5 млн бөтөлкө). | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
ЖАЗЫ ӨРӨӨНҮ — Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы ландшафты кооз жер. Өзгөн р-нунун аймагында. Байбиче, Торгойдөбө, Доңузтоо, Токсонкемпир тоолору, Сурташ ж-а Мырзаке ашуулары аркылуу Өзгөн өрөөнү м-н чектешет. Уз. 200 кмдей, туурасы 5–6 км. Өзгөн ш-нан 70 км чыгыш тарапта, Оштон 130 км. Жогорку бөлүгү Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталын кесип өткөн терең капчыгай, чатына жакын тоо этегиндеги дөңсөлүү түздүк. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн жумшак; январдын орт. темп-расы —6°Сден —8°Сге чейин. Жайы мелүүн жылуу; июлдун орт. темп-расы 14°—18°С. Жылдык жаан-чачыны 500–900 ммге чейин. Өрөөн аркылуу Жазы суусу агат. Күңүрт күрөң, коңур ж-а каралжын тоо топурагы басымдуу. Өрөөндүн тоо этегиндеги бөлүгүнө жарым чөл, 1200–2600 м бийиктикке бадал, шалбаалуу талаа, 2600–3100 мге токойлуу шалбаа ж-а токой, 3100–3600 мге субальп ж-а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Ж. ө. бальнеол.-баткак м-н дарылоочу курортко ылайыктуу аймак. Андан Карашоро минералдуу суусу ж-а дары баткак кени чыгат. Карашоро кени Ж. өнүн борб. бөлүгүндө, Качаралатур ж-а Коңурдөбө сууларынын чаттарына жакын 2400 м бийиктикте жайгашкан. Көмүр кычкыл хлорид-гидрокарбонат натрийлүү (минералдануусу 2,4–3,1 г/л) ж-а көмүр кычкыл гидрокарбонат-хлорид натрийлүү (минералдануусу 5,3–15 г/л) № 5 бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суу (суткалык дебити 29,4 м3) дарылоо-суусундук катары «Карашоро №5» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат (жылына 1 —1,5 млн бөтөлкө). Кыймыл (Жазытогай) дарыбаткак кени Жазы ө-нүн төмөнкү бөлүгүндө, Өзгөн шнан 6 км түн.-батыш тарапта жайгашкан; Өзгөндөн 6 км түн.-чыгышта Чымбай кени бар. Бул эки кендин баткагынын составы бирдей; ылай катмарчалары бар сульфид чым көңдүү; Кыймыл кенинин запасы 234, Чымбай кениники 157 миң т. Өрөөн жайыт катары пайдаланылат. Мында климаты салыштырмалуу жылуураак; кышы жумшак (январдын орт. темп-расы —4°С), жайы ысык (июлдуку 24°С); жылдык жаанчачыны 550 мм; негизинен март – апрелде ж-а октябрда түшөт. Ал аркылуу Өзгөн шаарынан Карашорого кетчү авт. жолу өтөт.