География:АКТЕРЕК—КАБА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
АКТЕРЕК—КАБА ӨРӨӨНҮ Түш. Кыргнда. Карүңкүр суусунун оң куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабашата кырка тоосу- нун түш. этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 кмге созулуп жатат. Туурасы 3– 4 км. Деңиз деңг. бийикт. 1600–1800 м. | |||
Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектон. кыймылдан ж-а эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска ж-а терең кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Т өмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20,1°С, январдыкы –2,6°С. Жылдык орт. жаанчачыны 901 мм. Өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы — Актерек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, итмурун ж. б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш ж-а жаңгак токою м-н алмашат. Жаңгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер жемиштер, о. эле долоно, акчечек, аккайың, четин, ыргай, шилби, итмурун, табылгы ж. б. өсөт. | Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектон. кыймылдан ж-а эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска ж-а терең кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Т өмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20,1°С, январдыкы –2,6°С. Жылдык орт. жаанчачыны 901 мм. Өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы — Актерек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, итмурун ж. б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш ж-а жаңгак токою м-н алмашат. Жаңгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер жемиштер, о. эле долоно, акчечек, аккайың, четин, ыргай, шилби, итмурун, табылгы ж. б. өсөт. | ||
Өрөөндө Өзбеккаба, Кыргызкаба, Жайтерек кыш. ж-а Кыргыз УИАнын Биология ин-нун Актерек байкоо жүргүзүүчү пункту бар. | Өрөөндө Өзбеккаба, Кыргызкаба, Жайтерек кыш. ж-а Кыргыз УИАнын Биология ин-нун Актерек байкоо жүргүзүүчү пункту бар. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АКТЕРЕК—КАБА ӨРӨӨНҮ Түш. Кыргнда. Карүңкүр суусунун оң куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабашата кырка тоосу- нун түш. этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 кмге созулуп жатат. Туурасы 3– 4 км. Деңиз деңг. бийикт. 1600–1800 м. Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектон. кыймылдан ж-а эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска ж-а терең кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Т өмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20,1°С, январдыкы –2,6°С. Жылдык орт. жаанчачыны 901 мм. Өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы — Актерек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, итмурун ж. б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш ж-а жаңгак токою м-н алмашат. Жаңгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер жемиштер, о. эле долоно, акчечек, аккайың, четин, ыргай, шилби, итмурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө Өзбеккаба, Кыргызкаба, Жайтерек кыш. ж-а Кыргыз УИАнын Биология ин-нун Актерек байкоо жүргүзүүчү пункту бар.