География:ТЕҢИРТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1-сап: 1-сап:
, А л а т о о, Т я н ь ш а н ь – Орто ж-а Борб. Азиядагы тоо системасы.
<strong>ТЕҢИРТОО</strong>, А л а т о о, Т я н ь ш а н ь – Орто ж-а Борб. Азиядагы тоо системасы.
40° м-н 45° түн. кеңдиктердин, 67° м-н 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Т-нун батыш жагы негизинен Кыргыз Респ-нын, түн. ж-а батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, Тажик Респ-нын, чыгышы Кытайдын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км).
40° м-н 45° түн. кеңдиктердин, 67° м-н 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Т-нун батыш жагы негизинен Кыргыз Респ-нын, түн. ж-а батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, Тажик Респ-нын, чыгышы Кытайдын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км).
Түндүктө Т. Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Алатоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу м-н туташат. Т-нун батыш бөлүгүнүн түн. ж-а түш. чегаралары болуп адатта Иле ж-а Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Т. түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары м-н чектелет.
Түндүктө Т. Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Алатоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу м-н туташат. Т-нун батыш бөлүгүнүн түн. ж-а түш. чегаралары болуп адатта Иле ж-а Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Т. түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары м-н чектелет.

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ТЕҢИРТОО, А л а т о о, Т я н ь ш а н ь – Орто ж-а Борб. Азиядагы тоо системасы. 40° м-н 45° түн. кеңдиктердин, 67° м-н 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Т-нун батыш жагы негизинен Кыргыз Респ-нын, түн. ж-а батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, Тажик Респ-нын, чыгышы Кытайдын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км). Түндүктө Т. Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Алатоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу м-н туташат. Т-нун батыш бөлүгүнүн түн. ж-а түш. чегаралары болуп адатта Иле ж-а Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Т. түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары м-н чектелет. Т. көбүнчө кеңдик же ага жакын багытта созулган тоо тизмектерден турат; борб. бөлүгүндө гана меридиан багытында жайгашкан тоо (Меридиан кырка тоосу) бар. Бул кырка тоо Батыш (Кырг-ндын аймагында) Т. м-н Чыгыш (Кытайда) Т-нун табигый чегарасы болуп саналат. Т-нун бул бөлүгү Борбордук Т. деп аталып, мында бийик чокулар жайгашкан: Жеңиш чокусу (7439 м), Кантоо (6995 м). Т. төм. орографиялык облустарга бөлүнөт: Т ү н д ү к Т. Кетмен кырка тоосу (бир бөлүгү Кытайда), Иле-Алатоосу, Күнгөй Алатоо, Кыргыз Алатоосунан турат; Б а т ы ш Т. Талас Алатоосун, түш.-батышында ага тутумдаш жаткан Чаткал, Пскем, Угам кырка тоолорун, о. эле Каратоону ичине камтыйт. Фергана өрөөнүн курчаган тоо кыркалар, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталы кошо, кээде Түш.-Батыш Т. деп да аталат; Кыргыз Алатоосунун ж-а Ысыккөл өрөөнүнүн түштүгүндөгү Ички Т. түш.-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Ички Т. Борбордук Т-дон бөлүп турган Акшыйрак массиви м-н торолгон. Түн. ж-а Батыш Тнун тоо кыркалары чыгыштан батышка карай акырындык м-н 4500–5000 мден 3500– 4000 мге (Каратоодо 2176 мге) чейин жапыздайт; капталдары асимметриялык түзүлүштө: Иле, Чүй, Талас өрөөндөрүнө караган түн. капталдары узунураак, капчыгайлар м-н өтө тилмеленген, салыштырма бийиктиктери 4000 мге чейин ж-а андан да бийик. Ички Т-нун ири кырка тоолору: Тескей Алатоо, Борколдой, Атбашы кырка тоолору (4500–5000 мге чейин), Какшаал тоо тизмеги (Данков чокусу 6982 м). Чыгыш Т-до кеңдик багытында созулган өрөөндөр ж-а чуңкурдуктар м-н бөлүнгөн кырка тоолордун 2 тилкеси даана байкалат. Негизги кырка тоолордун бийикт. 4000–5000 м; түн. тилкенин тоо кыркалары – Борохоро, Иренхабырга, Богодоула, Карлыктоо 95° чыгыш узундукка чейин созулат. Түш. тилкеси кыскараак (90° чыгыш узундукка чейин гана); негизги кырка тоолору – Халыктау, Сарминула, Куруктаг. Чыгыш Т-нун этектеринде Турпан (тереңдиги деңиз деңгээлинен төмөн, 154 м төмөн жайгашкан). Хами чуңкурдуктары орун алган түш. тилкесинин аймагында Баграш көлү жаткан тоо арасындагы ойдуң бар.