География:САРЫЖАЗ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
Борб. Теңиртоодо, Кантеңир тоо тоомунда жайгашкан.
<strong>САРЫЖАЗ КЫРКА ТООСУ</strong> Борб. Теңиртоодо, Кантеңир тоо тоомунда жайгашкан.
Меридиан кырка тоосундагы «Мрамор дубалы» чокусунан Сарыжаз капчыгайына чейин созулат. Уз. 113 км, туурасы 16 км, орт. бийикт. 4730 м, эң бийик жери 5816 м (Семенов чокусу). Тарим м-н Балкашка куюучу дарыялардын суу бөлгүчү. Батыш жагы Сарыжаз сыртын Эңилчек өрөөнүнөн бөлөт. Түн. капталы жантайыңкы келип, бара-бара сырт деңгээлине өтөт. Эңилчек өрөөнүнө караган түш. капталы тик, коктуколоттуу. С. к. т. – Эңилчек антиклинорийинин түн. бөлүгү. Төртүнчүлүк мезгилден муз каптоолор тоонун көп бөлүгүн (кырынан этегине чейин) каптап, азыркы рельефинин түзүлүшүнө таасир тийгизген. Чыгыш бөлүгү азыр да мөңгүнүн алдында. Протерозой заманында, кембрий ж-а ордовик мезгилдеринде пайда болгон метаморфизм ж-а чөкмө тоо тектерден (кумдук, конгломерат, акиташ теги, биотит-роговая обманкалуу гнейс, көмүртек-кремнийлүү сланец ж. б.) түзүлгөн. Гранит тектери да кеңири тараган.

С. к. т. Чаткал-Нарын структура-фациялык тилкесинде жатып, түштүгүнөн Атбашы – Эңилчек жаракасы, түндүгүнөн Теңиртоонун негизги жаракасы м-н чектешет. Кендери: калай, коргошун ж. б. Кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 400 км2дей; эң ирилери: Баянкол, Семёнов, Мушкетов, Түн.

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

САРЫЖАЗ КЫРКА ТООСУ Борб. Теңиртоодо, Кантеңир тоо тоомунда жайгашкан. Меридиан кырка тоосундагы «Мрамор дубалы» чокусунан Сарыжаз капчыгайына чейин созулат. Уз. 113 км, туурасы 16 км, орт. бийикт. 4730 м, эң бийик жери 5816 м (Семенов чокусу). Тарим м-н Балкашка куюучу дарыялардын суу бөлгүчү. Батыш жагы Сарыжаз сыртын Эңилчек өрөөнүнөн бөлөт. Түн. капталы жантайыңкы келип, бара-бара сырт деңгээлине өтөт. Эңилчек өрөөнүнө караган түш. капталы тик, коктуколоттуу. С. к. т. – Эңилчек антиклинорийинин түн. бөлүгү. Төртүнчүлүк мезгилден муз каптоолор тоонун көп бөлүгүн (кырынан этегине чейин) каптап, азыркы рельефинин түзүлүшүнө таасир тийгизген. Чыгыш бөлүгү азыр да мөңгүнүн алдында. Протерозой заманында, кембрий ж-а ордовик мезгилдеринде пайда болгон метаморфизм ж-а чөкмө тоо тектерден (кумдук, конгломерат, акиташ теги, биотит-роговая обманкалуу гнейс, көмүртек-кремнийлүү сланец ж. б.) түзүлгөн. Гранит тектери да кеңири тараган. С. к. т. Чаткал-Нарын структура-фациялык тилкесинде жатып, түштүгүнөн Атбашы – Эңилчек жаракасы, түндүгүнөн Теңиртоонун негизги жаракасы м-н чектешет. Кендери: калай, коргошун ж. б. Кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 400 км2дей; эң ирилери: Баянкол, Семёнов, Мушкетов, Түн. Эңилчек ж. б. Түн. капталына альп шалбаасы (доңуз сырты, өлөң чөп ж. б.), субнивалдык суук чөл (өлөң чөп, байчечекей, дриада), гляциалдык-нивалдык ландшафттары, түш. капталына кургак талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү (2800–3000 мге чейин), субальп, альп шалбаалуу талаа мүнөздүү (бетеге, аккылкан, акшыбак ж. б.).