МАНЬЕРИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Lera «МАНЬЕРЙЗМ» барагын «МАНЬЕРИЗМ» деп кайра атады)
 
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 07:57 учурдагы соңку нуска

МАНЬЕРИЗМ (италянча maniera - манера, стиль) - XVI кылымда Европа искусствосундагы Бийик Кайра жаралуу доорунун гуманисттик маданиятынын кри­зис учурун камтыган агым. Маньеризмдин негизги эсте­тикалык критерийи табияттагы кубулушту өзүндөй сүрөттөө эмес, көркөм образдын «мане­раларынын» ыкмаларын формалдуу түрдө бир жактуу түшүндүргөн жана апыртып көрсөтүүгө негизделген. Маньеризм жашоого ренессанстык көркөм искусствону тартуулаган демократиялык кыртышта өнүк­пөстөн, герцогдордун ак сарайларында, феодал­дык реакциячыл кырдаалда өнүккөн. Манье­ристтер кылыктанган, ыксыз кооздукка толгон, аша чапкан чыгармаларды түзүшкөн. Алар татаал, тандагыч ракурстарды, жылан сымал ийилген фигураларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушкан.

Б. Челлини, «Пер­сей». 1545-1553. Фло­ренция.

Маньеристтердин портреттери аткарылыш техникасы боюнча бийик турат, би­рок мазмуну боюнча муздак, ачык-айкын эмес. Кайра жаралуу доорунун чеберлеринин, көбүнчө Микеланжело менен Рафаэлдин чыгармачылык прин­циптерин стилдик норма катары пайдаланга­ны менен, маньеризм өкүлдөрү алардын гуманисттик идея­ларын бурмалашкан. Маньеризм адегенде Италияда, ки­йинчерээк Франция, Нидерланд искусствосунда өнүккөн.