МАЛЯВИН Филипп Андреевич: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera «МАЛЯВИН» барагын «МАЛЯВИН Филипп Андреевич» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 06:01 учурдагы соңку нуска

МАЛЯВИН Филипп Андреевич [10 (22). 10. 1869, Самара губерниясы, Казанка кыштагы (азыркы Оренбург облусу, Тоцк району) - 23. 12. 1940, Ницца] - орус живописчи жана графиги. 1906-жылдан Петербург көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү. 1885-1891-жылдарыы Ыйык Пантелеймон монастырында кечилдикти кабыл алган жана икона тартуу өнөрканасында иштеген. 1922-жылдан
чет өлкөдө жашаган. 1900-жылы Ф. Малявиндин «Күлкү» аттуу картинасы дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга татыган. «Көчмө көргөзмө» агымы анын чыгармаларына таасирин тийгизген. 1924-жылдан Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Шарпантье галереясында чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөргөн. Ф. Малявин чыгармачылыгында орус тематикасын көтөрүп чыккан.
