МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МАДЕМИЛОВА» барагын «МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
20 ноябрь 2026, саат 09:24 учурдагы соңку нуска
МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү (Эркин) (20. 2. 1929-жылы туулган, Фрунзе - 27. 7. 2018, Бишкек) - бийчи, балетмейстер. Кыргыз ССРинин эл артисти (1979), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1963). 12 жашында Ленинград хореографиялык окуу жайына кабыл алынып, согушка байланыштуу окуусун М. Күрөңкөев атындагы музыкалык хореографиялык окуу жайында уланткан.

1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынган. М. ОдеттаОдилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») жана башка ролдорду аткарган. 1958-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун бүтүрүп, балетмейстер-репетитор. 1970-1972-жылдары Моңголияда балетмейстер, 1974-1976-жылдары Вьетнамда балетмейстер-педагог, 1977-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониянын алдындагы бий ансамблинин («Акмарал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген.
Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи менен», 1962-жылдан Й. Штраустун «Чоң вальс», А. С. Аренскийдин «Египет түнү», П. И. Чайковскийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Н. А. Римский-Корсаковдун «Испан каприччиосу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ансамбли менен Бельгия, Франция, Дания, Швеция, Мозамбикте жана КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон. «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

