НИКЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НИКЕ у к у к т а - эркек менен аялдын үй-бүлө курууга расмий кириши. Болочок жубайлардын бул расмий адатты кабылдоосу менен алардын бири-бирине жана балдарына карата укуктары жана милдеттери келип чыгат. КРдин Конститу­циясына ылайык үй-бүлө (анын ичинде Н.) мамлекет­тин коргоосуна алынган. Тиешелүү тартипте кат­талган Н. гана укуктук натыйжага ээ. Жаран­дык абал актыларын каттоо органдарына Н-ге тУРУУну суранып, арыз берилгенден бир ай өт­көндөн кийин жүргүзүлөт (жүйөлүү себеби бол­со, бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн). Жубай­лардын өз ара укуктары менен милдеттери Н. кат­талгандан күчүнө кирет. Н-лешүүчүлөрдүн ык­тыярдуу макулдашуусу жана алардын нике жа­шына (адатта 18 жашка) толушу Н-ге туруунун шарты болуп эсептелет.