«НИБЕЛУНГДАР ЖӨНҮНДӨ ЫР»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
«НИБЕЛУНГДАР ЖӨНҮНДӨ ЫР» - немис элинин баатырдык эпосу. 1200-ж. жазылып, 1757-ж. И. Я. Бодлер китеп кылып жарыялаган. 16 ыр циклинен турат. Эпосто хунндар менен бургундцарды («нибелунгдар») ортосундагы согуш, хунндардын мамлекетинин талкаланышы (436-ж. чен) жөнүндө тарыхый уламыштар, феодализм доорундагы монарх сарайынын жана рыцарлардын турмушу, Зигфрид баатырдын эрдиктери жана өлүмү, анын аялы Кримхильданын өч алышы чагылдырылган. «Аттила» дастанынын негизинде кыпчак акындары жазган деген божомолдор бар. «Н. ж. ы-дын» мифол. концепциясынын негизинде немис композитору Р. Вагнер «Нибелунг шакеги» деген опера тетралогиясын жазган. Эпостун мазмунуна Г. Ибсен ж. б. калемгерлер кайрылган.