НЕФТЬ ЭКСПОРТТООЧУ ӨЛКӨЛӨР УЮМУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕФТЬ ЭКСПОРТТООЧУ ӨЛКӨЛӨР УЮМУ (ОПЕК) - чет элдик ири нефть компаниялары өз-ара мамилелерин координациялоо үчүн 1960-ж. түзгөн уюм. Ага Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Венесуэла, кийинчирээк Алжир, Эквадор (1973-92; 2007), Габон (1975-94), Ливия, Нигерия, Катар, Ангола жана БАЭ киргенетикалык Бул уюмдун штаб-квартирасы Вена ш-нда. Уюмдун дүйнөлүк нефть өндүрүүдөгү үлүшү 1994-ж. 41% ти түзгөн. Уюмдун
уюшулушуна нефтинин дүйнөлүк баасын нефтини көзөмөлдөөчү 7 ири компания («Бритиш петролеум», «Тексако» ж. б.) төмөндөтүшү себеп болгон. Анын негизги максаты дүйнөдө нефтиге болгон баанын төмөндөшүн токтотуу эле. Бул уюмдун мүчөлөрү жылына 2 жолу жолугуу уюштурушат. Н. э. ө. у. дүйнөлүк нефть запасынын 2/3 бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Аларга дүйнөдөгү өндүрүлгөн нефтинин 40% ти жана экспорттун жарымы таандык болуп, учурда 12 мамлекет мүчө.