НЕФТЬ ӨТКӨРГҮЧ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕФТЬ ӨТКӨРГҮЧ - нефть жана нефтини кайрадан иштеткенден кийинки продуктуларды, аны өндүрүп алып жаткан аймактан керектелүүчү жерге (анын ичинде темир жол, деңиз транспортторуна) чейин ташуучу курулуштардын комплекси. Буга жер астындагы жана суу алдындагы куурлар, башкы жана ортонку нефть сордуруучу насос станциялары, нефть сакталуучу жана кошумча курулуштар кирет. М аг и стр а лдуу өткөргүчтөр нефть менен нефть продуктуларын 2000 клгден алыс аралыкка чейин ташып жеткире алат. Диаметри 200 лглгден 1220 лглгге, басымы 5-6 М.'н.1сзл>- (50-60 кгс/см2) жетет. Нефтини башкы магистралдуу өткөргүчкө жеткизүүдө уз. ондогон клгге жеткен к о ш у мча өткөргүчтөр колдонулат. Ич ара ташууда промыселдик, заводдук, нефтебазалык түтүктөр пайдаланылат. Түтүктөрдү ар кандай коррозиядан жана жолбун электр тогунан сактоо үчүн антикоррозия, электр-химиялык ыкмалар колдонулат. Тез тоңуучу, бат коюулануучу нефть станцияларда, пункттарда атайын жылытылып коё берилет.
Биринчи уз. 6 клгге жеткен Н. ө. 1865-ж. АКШда курулган. 1878-ж. Бакуда да башталган. 1897-жылдан 1907-ж. чейин В. Г. Шуховдун долбоору менен диаметри 200 мм болгон өткөргүч, Бакудан Батумиге (835 км аралыкка) жеткирилип, 16 станция курулган. Кийин уз. 8527 клгге жеткен Урал - Сибирь (Альметьевск - Горький - Ярославль - Кирши - Рязань, Москва менен бирге); түштүк-батыш (Альметьевскиден Куйбышевге, андан ары «Дружба» - Полоцк - Вентспилс) тарапка 3500 клгге созулган өткөөлдөр курулган.