НЕФТЬ КАЗЫП АЛУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕФТЬ КАЗЫП АЛУУ - чөкмө тектердин кат­марларынан орун алган суюк заттар (нефть, суу) менен күйүүчү газдарды бургулоо көзөнөктөрү ар­кылуу жер бетине чыгаруу иштери. Бул про-

Ч. Иманалиев. цесс нефть кени кездешкен аймакка бургулоо иштерин жүргүзүү, анын иштөө режимин түзүү, катмардагы суюктуктар менен газды кыймыл-ара­кетке келтирүү жолдору менен башкарылат. Неф­тинин өлчөмүн, өзгөрүшүн, нефть өндүрүү коэфф-и, капиталдык салымдарды, наркын аныктоо системасы колдонулат. Долбоорлоо иштери жүргүзүлөт. Чалгындоо кезиндеги геол. изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынат. Геол. түзүлүшү, чөкмө тектердин нефть топтоо жөндөмдүүлүгү (көзөнөктүүлүгү, суу өткөргүчтүгү, курамынын бир түрдүүлугү) суюктуктар менен газ­дардын физикалык касиеттери (тыгыздыгы, илешкек­тиги, эригичтиги), катмарлардын сыйымдуулу­гу, басымы, температурасы такталат. Гидродинами­калык эсептөөлөрдүн негизинде техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү аныкталат. Казып алуу система­лары тандалат. Скважиналардын аралыктары 400-800 м болот. Кендин аз-көбүнө жараша бир эле убакта ондогон, миндеген скважиналар ишке киргизилет. Эгерде нефть жер бетине жакын орун алса, шахта жолу менен казылып алынат.

Ад.: Покрепкин Б. В. Разработка нефтяных и га­зовых месторождений. Новосибирск, 2010.