НЕФЕЛИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕФЕЛИН (фр. nepheline, грекче nephele - булут) - каркастуу силикаттар классына кирүүчү мине­рал. Химиялык формулары КМа3[А18Ю4]4. Киринди түрдө 81, Са, М£, бир аз Ре, Ве, С1, Н2О, Са кез­дешет.

Гексагоналъ системасында кристаллда­нат. Катуулугу 5,5-6. Түссүз, кызгылтым, боз, жашыл сымал. Жегич тоо тектердин курамын­да кездешет. Айнектей жылтырайт, майланыш­кансып турат. Кислотада эрип, кремнезём бөлүп чы­гарат. Гипергендик шартта гидрослюдага, мон­тмориллонитке, галлуазитке айланат. Лате­риттик чөйрөдө гиббситке өтөт. Ири кендери Ко­ла ж. а-нда, Уралда (Ильмен тоосу), Краснояр крайында, Кыргызстанда (Кызыл-Омпол, Сандык, Алай), Гренландияда, Норвегияда, Швецияда жолугат. Н-ден алюминий, сода өндүрүлөт. Ай­нек жасоодо, жер семирткич катары колдонулат.