НЕСТОРИАН ЖАЗУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕСТОРИАН ЖАЗУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ - несто­риандардын 13-14-к-га таандык эпитафиялык эстелик жазуулары (к. Несторианчылык). Жа­зуу анча чоң эмес сай таштардын бетине оңдон солго, жогортон төмөн түшүрү­лүп, ортосуна ар кандай формада крест чегилген. Н. ж. э. 1907-, 1963-жылдарда Жууку суусунун

Кара-Жыгачтан табылган эстелик­тердин бири.

(Ысык-Көл) жээгинен табылган. Эстеликтер си­рия-несториан жана түрк тилинде, 1980-жылда­ры Бурана жана Бишкектен 9 км түштүк тараптагы Кара-Жыгач айылына жакын жерден табыл­ган. Ч. Жумагуловдун эсеби боюнча Кыргызстанда 700дөй эстелик ачылган. Н. ж. э-н алгач Рос­сиянын окумуштуу-сириологдору Д. А. Хволъ­сон, С. С. Слуцкий, П. К. Коковцов, Н. Н. Пан­тусов ж. б. изилдешкен. Н. ж. э. Санкт-Петер­бургдагы Мамлекеттик Эрмитажда (ЮОдөн ашык), Ал­матынын Борбордук тарых музейинде (20дан ашык), Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейинде ж. б. жер­лерде сакталып турат. Бул эстеликтердин түрк тилинде жазылгандарынын өткөн доорлордо кыргыз жергесинде жашаган элдердин тилинин тарыхын изилдөөдө мааниси чоң.

Ад.: Джумагулов Ч. Язык сирио-тюркских (не­сторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971; ошол эле. Кыргызстандагы несториан-түрк жазуу эстелик­тери (ХП1-ХГУ кылымдар). Б., 2011; Хволъсон Д. А. Предварительные заметки о найденных в Семиречен­ской области сирийских надгробных надписях // ЗВОРАО. Т. 1. СПб., 1886. Ч. Жумагулов.