НЕСМЕЯНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕСМЕЯНОВ Александр Николаевич [28.8 (9. 9). 1899, Москва - 17. 1. 1980, ошол эле жер] - химик-органик, СССР ИАнын академиги (1943; корреспондент мүчө, 1939), коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969, 1979). СССР мамлекеттик сыйл. (1943)жанаЛе­нин сыйл. (1966) лауреаты.

1922-ж. ММУну бүтүп, ошол эле жерде проф. (1935), ка­федра башчысы (1944), де­кан (1944-48) жана ректор (1948-51). СССР ИАнын органикалык химия институтунда директор (1939-54), химия бөлүмүнө академиялык секретарь (1946-51) жана президенти (1951-61). Элемент-органикалык бирикмелер институтунун (азыр Н. атындагы) директору (1954-61), 1961-жыл­дан Жалпы жана органикалык химия бөлүмүндө академия­лык секретарь, СССР илим жана техника боюнча Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктар комитетинин председатели (1947-61). Н. негизинен металл органикалык бирикмелерди изилдеген. 1929-ж. сымап органикалык би­рикмелердин синтезинин диазометодун киргиз­генетикалык Кийин бул метод менен 8п, РЪ, Т1, 8Ь, В1 ме­талл органикалык бирикмелерди синтез жолу менен алыш­кан (Несмеянов реакциясы). Сымап органикалык бирик­мелерден М£, С<1, А1, 8п ж. б. металл органикалык бирик­мелерди синтездөөнүн жөнөкөй жана ыңгайлуу методун иштеп чыккан. Көмүртектин каныккан атомундагы электрофилдүү орун алмашуу меха­низмин түшүндүргөн. Хлордуу, бромдуу жана триарилоксондуу бирикмелерди биринчи жолу синтездеген. Н. көптөгөн чет өлкөлүк академия­лардын мүчөсү. СССР Жогорку Советинин (3-5- шайл.) депутаты. Алты Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Элементоорганическая химия. М.,1970; Иссле­дования в области органической химии. М., 1971.