НЕСЕВИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕСЕВИ, Шихаб ад-Дин Мухаммед ибн Ахмед ибн Али ибн Мухаммед ал-мунши ан-Насави [т. ж. белгисиз, Хурандиз (Хорандиз) чеби, Наса (Хорасан) округу - хижранын 647-ж. (1249/50) Халеб султанаты] - орто азиялык (хорасандык) тарыхчы. Араб, фарсы тилдерин жакшы билгенетикалык 1224-ж. чейин Наса округунун бийлөөчүсү Нусрат ад-Дин Хамзанын жардамчысы («наиб») болуп, Нашдуван кыш-ндагы жана ал-Халкадагы моңголдор менен салгылашууга (к. Моңгол басып алуулары, Моңгол империясы) катышкан. 1224-ж. Түндүк Иракка барып, Хорезмдин акыркы шахы Жалал ад-Дин султанга, ал өлгөндөн кийин (1231) Майафарикин (Мартирополь, Армения менен Ирактын чек арасы) башкаруучусу ал-Малик ал-Музаффар Гази ж. б. эмирлерге кызмат кылган. 1241/1242-ж. анын араб тилинде жазган «Сират ас-султан Желал ад-Дин Манкбурн» («Султан Желал ад-Дин Манкбурнанын
өмүрү») эмгегинде 1218-31-жылдарды камтыган окуялар же Чыңгызхандын аскеринин Орто Азияга кириши берилген. Д’ Оссон, В. В. Бартолъд ж. б. окумуштуулар Н-нин эмгегинде тарыхый фактылардын так берилгенин, ошол мезгилге тийиштүү маалыматтарга кенен токтолгонун, бирөөнүн буйругу менен жазылбаган артыкчылыгын жогору баалашкан. Бул эмгек алгач француз чыгыш таануучусу О. Удас тарабынан которулуп, 1891-95-ж. Париж ш-нда басылып чыккан. 1973-ж. Кыргызстандын тарыхы жана географиясына байланыштуу К. Б. Старкованын котормосунда «Султан Желал ад-Дин Манкбурнанын өмүрүнөн» үзүндүлөр, 3. М. Буниятовдун котормосу менен Баку ш-нда да басылып чыккан.
Ад.: Пигулевская Н. В„ Якубовский А. Ю„ Петрушевский И. П, Строева Л. В„ Беленицкий А. М. История Ирана с древнейших времен до конца XVIII века. М., 1958.