НЕРЧИНСК КЕЛИШИМИ (1689): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕРЧИНСК КЕЛИШИМИ (1689) - Россия өкмөтү менен манжурлардын Цин империясынын мамилесин аныктаган 1-келишим. 17-к-да кытай элин бийлеп турган манжурлардын Амур боюндагы орус жерлерин басып алуу аракетинен чыккан кагылыштан (1680-жылдар) кийин 27-августта түзүлгөн. Ф. А. Головин баштаган орус элчилери менен Сонготу баштаган Цин өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Нерчинск чебинде өткөн. Н. к. боюнча Россиянын өкүлдөрүнө Албаза воеводдугунун көп аймагын бошотууга аргасыз кылган жоболорду таңуулашкан. Көзөмөлгө алынуучу чектер да такталган эмес. Н. к. орус өкмөтүн канааттандырбаса да, эки империянын саясий жана соода мамилесинин жакшыртылышына мүмкүндүк берген. Россиянын көп жылдык дипломатиялык аракети менен 19-к-дын ортосунда Н. к-нин шарттары кайрадан Айгун келишиминде (1858) жана Пекин келишиминде (1860) каралган.